АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №26
Ак-Терек айыл өкмөтүнѳ келишим менен алынуучу кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык фондуга которууга акча каражатын 980 000 (тогуз жүз сексен миң) сомду жылдыруу жөнүндө
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ келишим менен алынуучу кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык фондуга которууга акча каражатын жылдыруу жѳнүндѳ, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Теӊдештирүүчү гранттан аппараттын эмгек акысына каралган акча каражатынан 980 000 (тогуз жүз сексен миң) сом аппараттын 2215900 беренесине келишим менен алынуучу кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык фондуга которуу үчүн жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева