Редакцияот 29.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 29-июлу  № 34/7

 "Нарын облусунун Кочкор  районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык,  Кум-Дөбө айылдык аймагынын 2024-жылдын 29-июлундагы №250-буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо”  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарынакорректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын жүргүзүлгөнкарап чыгып, Кум-Дөбө Айылдык Кенеши, токтом кылат:

 

1.  Кочкор  районун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу “Арсы”, “Кара-Тоо”,”Шамшы”,”Бугучу”,”Кум-Дөбө” жана “Ак-Жар”  участкаларынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана Актысын карап чыгып, даярдалган материалдары бекитилсин.

2.  Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын, райондук администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2023-жылдын июль айынын 31 деги № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.

3.  Токтомду көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

М. Чолпонкулов