АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №28
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К. Исаков атындагы
маданият үйүнө видео көзөмөл коюп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К. Исаков атындагы маданият үйүнө видео көзөмөл коюп берүү жөнүндө, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сактоодо турган (экономия) акча каражатынан Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүнө видео көзөмөл коюп берүүгѳ 165 000 (жүз алтымыш беш миң) сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.
2. Аппараттын эмгек акысына 2111 беренесине теӊдештирүүчү гранттан каралган акча каражатынан 165 000 (жүз алтымыш беш миң) сом аппараттын 3112 беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева