Редакцияот 23.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын 25-апрели №29                                                                      

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

        

          Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.    Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.

2.    Аппараттын эмгек акысына 2111 беренесине теӊдештирүүчү гранттан каралган акча каражатынан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом аппараттын 3111 беренесине жылдырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева