Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XIII сессиясы

 

2024-жылдын 6-майы  №13/8

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы К. Абдиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап, депутаттардын Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.              Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-29-жылга социалдык экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

 

2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага:

Ж.Турдубеков