АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №30
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө
__________________________________________________________________________
Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын тургуну А.Белековдун арызынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын,Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №754 контурунда жайгашкан 1га жер аянтынатоок ферма иштетүү боюнча,жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №754 контурунда жайгашкан 1га жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева