Редакцияот 23.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 25-апрели №32                                                                      

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылынын тургуну

 К.Абдиевдин арызы жөнүндө

            Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылынын тургуну  К.Абдиевдин арызы жөнүндө, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.Кара-Коо айылыныдагы дүкѳндүн артындагы айыл ѳкмѳтү коруган аянттын сыртындагы бош тилке жер аянтын (Батыркан кѳч. 25/3, 2-04-02-1001-1119, контур №571) сатууга конкурстук негизинде макулдук берилсин.

2. Токтомду  аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                              Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева