Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-марты № 24/111

Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн (Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) жер участокторуна төлөм ченемдерин бекитүү жөнүндө

“Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн (Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) жер участокторуна төлөм ченемдерди бекитүү жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомунун негизинде, Төмөнкү Аларча айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар БИР добуш менен

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

1.  Төлөм ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:

 

- жаан-чачындуу айдоо жерлер - 1000 (бир миң) сом;

- сугат айдоо жерлерине - 2 850 (эки миң сегиз жүз элүү) сом

Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн мамлекеттик мүлк фондунун жер участокторуна жыл сайын көз карандысыз баалоо боюнча.

 

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү ишин өзүмө калтырам.

 

Төмөнкү Аларча айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.У . Усенбекова