Редакцияот 23.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 25-апрели №33                          

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө

__________________________________________________________________________

 

    Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №472 чыгыш санду сунушунун  негизинде жана “Гранит Люкс” ЖЧКсынын №04/03-24 санду кайрылуусунун негизинде,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын, Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак айылынын “Чоӊ Жѳкѳтѳй Тоо” участкасынан №1102 контурунда жайгашкан 0,7га, 1,3га, 2,3 га жер аянтыначарбалык курулмаларды орнотууга,жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                                  

1.        Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак  айылынын “Чоӊ Жѳкѳтѳй Тоо” участкасынан №1102 контурунда жайгашкан 0,7га, 1,3га, 2,3 га жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.

 

2.        Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы                               Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

    Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева