Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок- Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XV сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу  №15-1

 

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо

комиссиясына сунуш берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 23-беренесине ылайык Тоголок-Молдо айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.           Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын  шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлсүн.

 

Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

(Калкынын саны 10348, 21 мандат, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн резерв, Шайлоочунун саны 7125)

 

№1 Ак-Тал шайлоо округу (УШК №4096).

3 мандат, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.

Борбору: Ак-Тал айылы, А.Жумалиев көчөсү.26,  Т.Дүйшеева атындагы  клубу,

Чек арасы: Ак-Тал айылы, А.Жумалиев, О.Алыбаев, И.Жусубалиев көчөлөрү

Мазар, Секи-Булак, Сары-Ой, Орто-Сырт участкалары

Шайлоочулардын саны: 928

 

№2 Көк-Жар шайлоо округу (УШК №4097)

4 мандат, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.

Борбору: Көк-Жар айылы, Кубаталы көчөсү 80/1 Калмурат атындагы маданият үйү,

Чек арасы: Көк-Жар айылы, Кубаталы, Иманаалы, Солпү аке, Бактыгул, Бекиш ата, Т.Орозбеков, К.Акматов, Т.Токтомуратов, Ыскул, Жаманак, Ш.Бозалаев, Кулманбет көчөлөрү.

Тайлак-Арык, Таш-Кыя, Ой-Чий, Ак-Чий участкалары

Шайлоочулардын саны:1364

№3 Жаңы-Талап шайлоо округу (УШК №4098)

5 мандат, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв

Борбору: Жаңы-Талап айылы, Мааназаров көчөсү 32, Байымбет атындагы орто мектеби

Чек арасы: Жаңы-Талап айылы, Шамбетов Мамыткан, Рахима Сейдакматова, Токтогул Алымбеков,Жумамамбет, Шүкүрбек Бейшеналиев, Асылбек Кожеков,Маназаров Ыскак,Биримкул Токобаев, Жибек-Жолу, Сөң-Көл, Ак-Босого чолок көчөлөрү

Шайлоочулардын саны: 1630

 

№4 Тоголок-Молдо шайлоо округу (УШК №4099)

6 мандат, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.

Дареги: Кара-Ой айылы, Мусакожо ата көчөсү 58, Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби

Чек арасы: Кара-Ой айылы, Чоробаев,Конгайтиев,Мусакожо,Тоголок-Молдо, Койчиев, А.Абдиев, Токтогул, Мудунов Абдимиталип, Орто-Арык, К.Борончиев, С.Турукбаев,  А.Абдырахманов, Бабык көчөлөрү

Кара-Булуң, Чоң-Арык, Көк-Ой, Тоок-Сарай, Бооралбас, Сары-Иймек, Жаак-Таш, Экичат, Шорго, Котормо, Кызыл-Эмгек, Туюк-Булуң, Сөң-Көл участкалары

Шайлоочулардын саны: 2231

 

№5 Кызыл-Белес шайлоо округу (УШК №4100)

3 мандат, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.

Борбору: анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.

Чек арасы: Кадыралы айылы, Н.Кулназаров, Т.Чодукеев, Н.Ибраимов, Ж.Жетигенов, М.Майлыбашов, И.Кадыркулов, К.Осмонкулов, А.Шерматов көчөлөрү,

Сөң-Көл, Ат-Кулак, Бел-Булак, Бабык, Кара-Суу, Шорго, Эски тегирмен, Тилектеш, Байжан участкалары

Шайлоочулардын саны: 937

 

 

2. Бул чечим Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

Төрага:

Ж.Турдубеков