Редакцияот 09.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

 

 

2022-жылдын 9-сентябры № 81

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча 2022-жылдын 6 айындагы аткарылган иштери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 6 айындагы салыктык кирешелери боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматы эске алынсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Б.М.Калмурзаева