Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

 

2022-жылдын 14-сентябры № 85

 

 

Атуулдар Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевнага жана Раимбеков Агарбек  Жоромаматовичке турак-жайсалууга кезексиз жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ара-Көл айылынын тургуну Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевна турмуштук оор кырдаалдарды башынан өткөрүп келүүдө. Өзү 2-группадагы майып, эки баланын жалгыз бой энеси, турак-жайы жок, ар кайсы жерде баш калкалап, жашап жатат. Буга чейин турак-жай маселеси жана жер участкасы боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына, Өзгөн райондук прокуратурасына, Салам-Алик айыл өкмөтүнө арыз менен бир нече жолу кайрылган. Ошондой эле Салам-Алик айылынын тургуну 1986-жылы туулган Раимбеков Агарбек Жоромаматович турмуш шартына байланыштуу, 2-группадагы тубаса майып, ушул убака чейин ата-энеси менен чогуу жашап жатат. Жогорудагы эки атуул жеке турак-жай салууга өтө муктаж.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы макулдук добуш берүүсүнүн карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ара-Көл айылынын тургуну Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевнага турмуш шартын эске алып, 2 баланын жалгыз бой эне катары өзү туулуп өскөн айылынан коопсуз жерден жеке менчик турак-жай салууга 0,08 га жер тилкеси кезексиз бөлүнүп берилсин.

 

2. Салам-Алик айылынын тургуну 1986-жылы туулган Раимбеков Агарбек Жоромаматовичке турмуш шартына байланыштуу, 2-группадагы тубаса майыптыгын, ушул убака чейин ата-энеси менен чогуу жашап жаткандыгын эске алып өзү туулуп өскөн айылынан коопсуз жерден жеке менчик турак-жай салууга 0,08 га жер участогу кезексиз бөлүнүп берилсин.

3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбекке тапшырылсын.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Б.М.Калмурзаева