Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 19-сентябры № 29/143

2023-жылдын 15-декабрында өтө турган Элдик Курултайга даярдык көрүү иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-декабрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39чу бөлүгүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде жана айылдык кеңештин чечими менен

 

1. 2023-жылдагы Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттар жумушчу топтун жыйналыштарын өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Элдик Курултай боюнча айыл тургундарына чогулуш өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жумушчу комиссиянын курамына кирбеген депутаттар, кварталдык комитеттер жана айыл өкмөттүн кызматкерлери көмөк көрсөтүшсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ишин өзүмө калтырам.

 

Төмөнкү-Аларча айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.У. Усенбекова