ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-январы № 31/153
Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн 2024-жылга төлөм ченемдерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын №34-беренесинин 4,11 пункттарынын негизинде, Төмөнкү Аларча айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн 2024-жылга төлөм ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иши Тɵмɵнкү Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Султановго жүктɵлсүн.
Төмөнкү Аларча айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары |
Н.Э. Молдогазиев |
Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтү боюнча 2024-жылга
ТАРИФ
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)