Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 23-январы № 31/154

Бишкек шаарына Төмөнкү Аларча айыл аймагы кошулууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында 31-кезектеги сессиясында Төмөнкү Аларча айылдык кеңеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. 2023-жылдын 19-сентябрындагы №29/142 “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтом күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бишкек шаарына Төмөнкү Аларча айыл аймагын кошууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иши Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Султановго жүктөлсүн.

 

Төмөнкү Аларча айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары

 

 

Н.Э. Молдогазиев