Редакцияот 24.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VI  кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын 16-сентябры №98            

 

 

Жалпы Ак-Терек айыл аймагы боюнча, айыл чарба багытындагы кошумча огородтордун жерин мыйзамдаштырууга токтом чыгарып берүү жөнүндө

      

         

             Карл Маркс атындагы колхоздун 3-июль 1990-жылдагы №2 протоколунун жана Тоң райондук аткаруу комитетинин  29-январь 1991-жылдагы №29 чечиминин негизинде,                Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.Жалпы Ак-Терек айыл аймагы боюнча, айыл чарба багытындагы кошумча огородтордун жерин мыйзамдаштырууга  (токтомдору чыкпай калган жарандарга) макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов