ПрограммаКүчүндө

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 537-т тескемесине)

Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 537-т тескемесине)

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү ПРОГРАММАСЫ

1. Киришүү

Азык-түлүк коопсуздугуна жана калктын социалдык жактан корголушуна жетишүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын заманбап агрардык саясатынын милдеттери агроөнөр жай өндүрүшүнүн жана агроазык-түлүк рынокторунун ишинин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга карата жаңы талаптарды аныктайт.

Бул милдеттердин контекстинде өлкөнүн агрардык экономикасынын маанилүү стратегиялык жана көп функциялуу багыты катары жогорку маржиналдык дары өсүмдүктөрүн өстүрүү артыкчылыктуу мааниге ээ болууда.

Өзгөчө дары өсүмдүктөрдүн наркы дайыма өсүп жатканын эске алуу менен, дары өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн негизинде фармацевтикалык продукцияны өнүктүрүү өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган тармак болуп калышы мүмкүн.

Дары өсүмдүктөр туруктуу экспорттук багытка ээ экендигине карабастан, азыркы учурда дары чөптөр сектору Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунун катарына кирбейт.

Экологиялык жактан таза дары өсүмдүктөрүн өстүрүүдө республиканын потенциалы чоң. Кыргыз Республикасынын аймагы дары өсүмдүктөрүнө бай экендигин, алар өлкөнүн бардык региондорунда өнүп чыгарын жана дары өсүмдүктөрүнүн запасын туура пайдалануу менен кыргыз фармацевтикалык компанияларын сырьё менен камсыз кылууга боло тургандыгын белгилөө зарыл.

Дары чөптөр тармагы азырынча өзүнүн потенциалына жете электигине карабастан, дал ушул тармак региондордогу калктын кирешесинин өсүшүнүн жана жакырчылыкты кыскартуунун негизги булагы болуп калышы мүмкүн. Албетте, бул тармакта экспорттук рынокторго кирүү башкы фактор бойдон калууда.

Акыркы жылдары бир катар өлкөлөр Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди активдештиришти. Дары өсүмдүктөрүн экспорттоонун олуттуу көлөмү Корея Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Индия Республикасы, Россия Федерациясы, Германия өлкөлөрүнө таандык.

Кыргыз Республикасында дары өсүмдүктөрүн жыйноо, даярдоо жана кайра иштетүү, чайырларды, тундурмаларды жана экстракттарды чыгарган жеке чарба субъекттери жана жеке ишкерлер алектенет. Өлкөдө дары чөптөрдүн 5,0 пайызы гана кайра иштетилет, калганы сырьё түрүндө чет өлкөлөргө ташып чыгарылат.

Дары өсүмдүктөрүн ташып чыгарууга уруксат берилген тизмеге 48 түр кирген, алардын ичинен ферула көбүрөөк суроо-талапка ээ.

Ферула - көп жылдык дары чөп. Кыргызстанда анын 35тен ашык түрү өсөт. Негизинен өлкөнүн түштүк региондорунда (Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында) деңиз деңгээлинен 1000-1600 м бийиктикте өсөт. Ферула ошондой эле Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө кездешет.

Ферулага болгон суроо-талап дүйнөлүк масштабга ээ, бул ишканаларды өнүктүрүү жана өзүнүн даяр продукциясын чыгаруу үчүн перспективаларды ачат, өз кезегинде ал Кыргызстанга өзүн эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле дары чөптөрдү, анын ичинде феруланы өстүрүү жана эгүү чөйрөсүндө ноу-хауну жайылтуу маанилүү болуп саналат.

Жыл сайын дары чөптөрдүн себүү аймагы да көбөйүп жатат. Бүгүнкү күндө ал тогуз жүз гектардан ашты. Дары чөптөрдү өстүрүү Кыргызстандын айылдарындагы кирешенин басымдуу бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу фермерлер өстүрүү пайдалуу болгон дары чөптөрүн тандоого кыйла кылдаттык менен мамиле кыла башташты.

Жогоруда айтылган жагдайларды жана дары өсүмдүктөрүн, анын ичинде феруланы өстүрүүнүн прогрессивдүү келечегин жана экономиканын агроөнөр жай секторун өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгарууну эске алуу менен ушул Программа иштелип чыкты.

2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасы (мындан ары - Программа) ферула дары өсүмдүгүн өстүрүүгө, ферула дары чайыры сырьёсу болуп саналган келечектүү ата мекендик фармецевтиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Феруланы айыл чарба өсүмдүктөрү катары өстүрүү жана эгүү жогорку рентабелдүүлүккө, экспорттук рынокторго багыттоого, региондорду экономикалык туруктуулукка, жаңы жумуш орундарын түзүүгө - жыйынтыгында рыноктук экономика шарттарында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

2. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо

Советтик пландуу экономика мезгилинде республиканын бир катар райондорунда дары өсүмдүктөрдүн ар кандай сортторун өстүрүү жана кайра иштетүү ийгиликтүү жолго коюлган.

СССР кулагандан кийин дары чөптөрдү өстүрүү жана кайра иштетүү начарлап кеткен. Өнөр жай масштабында өндүрүштү калыбына келтирүүнүн негизги көйгөйү, башка себептерден тышкары: практикалык, (адистердин жетишсиздиги), ошондой эле теориялык билимдердин жетишсиздиги болуп эсептелет.

Азыркы учурда коммерциялык максатта чогултуунун көбөйүшүнөн улам, негизинен көзөмөлсүз соодадан, жапайы жаратылыштагы өсүмдүктөрдүн популяциясына басым жасалууда. Табигый дары өсүмдүктөрүнүн запастарын ченемдүү пайдалануу жана аларды интенсивдүү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында өстүрүү менен кыргыз фармацевтикалык компанияларын сырьё менен камсыз кылууга болот. Бул аларды андан ары сатууга бааларды кыйла жогорулатат, ошондой эле жергиликтүү калкты кошумча жумуш менен камсыздайт.

Ушундай жол аркылуу дары өсүмдүктөрүн башаламан чогултуу менен күрөшүүгө болот, антпесе дары чөптөрдүн табигый өнүп чыккан жерлери жоголуп кетиши мүмкүн. Дары чөптөр өскөн жерлерде жыл бою мал жаюу да чоң зыян алып келет, бул алардын андан ары кайра жанданышына терс таасирин тийгизет.

Ошого карабастан, азыркы шартта дары чөптөрдү өстүрүү кайрадан күч алууда.

Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер айрым дары чөптөрдү өстүрүү менен алектенишип, алар өстүрүлгөн продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна сатууну жүзөгө ашырууда. Алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды колдонуу менен дары өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин кызыкчылыктары байкалууда.

Ошону менен бирге дары өсүмдүктөрдүн айрым топтору дагы эле жакшы изилдене элек. Кыргыз Республикасынын пайдалуу дары өсүмдүктөрүнүн кызыктуу жана аз изилденген топторунун бири чайырлуу дары өсүмдүктөрү болуп эсептелет, алардын мүнөздүү өзгөчөлүгү аларда чайырлардын болушу саналат.

Чайырлар медицинада ар кандай дары-дармектерди даярдоо үчүн колдонулат. Ошондуктан ата мекендик чайыр өсүмдүктөрүн изилдөө жана аларды сарамжалдуу өстүрүү жолдорун аныктоо ата мекендик илимдин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Ферула (улуттук аталышы - "чайыр") чайырлуу дары өсүмдүктөрүнүн курамына кирет, анын республикада 35 түрү өсөт.

Феруланын чайырлары негизинен тамырларында жана мөмөсүндө болот. Чайырлар тамырдан 15-25%га чейин чыгат. Азыркы учурда Кыргызстанда ферула чайырын алуу иштери жүргүзүлбөйт.

Кыргыз Республикасында ферула дары өсүмдүгүнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү бар:

1) жалбырактуу ферула - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кеңири таралган, сабагы 2,0 метр бийиктикке чейин жетет, айрым жерлерде жыш чытырман болуп өсөт, июлда мөмө берет, мөмөсүндө 10 пайызга чейин, тамырында 12%га чейин чайыр бар;

2) перистонервдик ферула - бийик тоолуу аймактарды кошпогондо, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында, Суусамыр өрөөнүндө өсөт. Бул феруланын элдик аталышы "скипидардык тамыр";

3) иешке же кугитан феруласы - Кыргыз тоо кыркаларында, Ысык-Көл ойдуңунда, Кеминде, Суусамырда, Алай жана Чаткал райондорунда таралган. Ал шагылдуу талааларда өсөт, субальп бийиктигине чейин жетет;

4) сасык ферула - сабагы жоон, жогору карай ичкерет, бийиктиги 1,0 метрден ашык, чачыраган, бутактуу, май айында гүлдөйт, июлда мөмө берет. Сасык ферула Жумгал, Көкөмерен, Кетмен-Төбө жана Суусамырда өсөт. Аталган жерлерде чайыр алууну уюштурса болот;

5) боролдой феруласы - бутактары калың эмес, жайылган, гүлдөрү сары, сабагынын бийиктиги 1,0 метрге жетет, май айында гүлдөйт, июлда мөмө берет. Республиканын түштүгүндөгү тоо этектеринде, Алай районунун тоолуу жерлеринде өсөт, мөмөсүндө чайыр 12,5%ды, тамырында 13,4%ды, сабагында 4,5%ды түзөт. Феруланын бул түрү кандайдыр бир деңгээлде жайыттарды отоо чөптөрдөн арылтат;

6) жалган ореоселин феруласы - бийиктиги 3,0 метрге жетет, Чаткал кырка тоосундагы токойлордо жана бадалдарда өсөт, тамыры чоң, кээде 35 метрге чейин жетет жана 25,0%га чейин чайыр алса болот;

7) көп каналдуу ферула - тоо этектеринин жана орто тоо этектеринин жумшак капталдарында кездешет, жайылуу ареалы - ички Тянь-Шань, кыргыз тоо кыркаларында сейрек кездешет.

Феруланын вегетация мезгили эрте жазда кар эригенден кийин жаздын биринчи ысык күндөрүндө, марттын аягында жана апрелдин башында башталат жана июлдун аягында же августтун башында жылдын ысык мезгилинде аяктайт. Негизги өсүү процесстери нымдуу жаз мезгилинде өтөт жана ар жылы июлдун башында же ортосунда аяктайт. Ферула өнүгүүнүн генеративдик фазасына өсүүнүн сегизинчи-тогузунчу жылында кирет.

Республикада Тажикстан Республикасынан жана Афганистандан ташып киргизилген үрөндөр менен өстүрүлгөн ферула көчөттөрү бар. Ошону менен бирге, бул көчөттөрдүн сорттору Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин реестринде катталган эмес.