Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок- Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XV сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу  №15-3

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаңы-Талап айылында кызыл сызыктарды тактоо жөнүндө

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана айыл чарба боюнча башкы адис Абдыжапаров Таалайбек Өкүновичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.    Жаңы-Талап айылында башкы пландын негизинде кызыл сызыкты тактап чыгуу боюнча макулдук берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:

Ж.Турдубеков