ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР айыл аймагынын жергиликтүү кенешин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21- февралы № 01
Бириккен Оргочор жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бириккен Оргочор жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин. Жети-Ѳгүз районундагы бириккен Оргочор айыл аймагынын Оргочор жергиликтүү кеңешинин депутаты шайланган Тыныбеков Айбек Базаркулович төрагасы деп таанылсын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага Ж.Акматов