ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 21- февралы № 04
«Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешин
мамлекеттик каттоо жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. “Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде төрт айылдык кенештеринин (Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Оргочор, Светлая Поляна) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
Толук фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;
¾ Расмий тилде: Учреждение “Местный кеңеш айыльного аймака Оргочор”;
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “ Оргочор жергиликтүү кеңеши” м-и;
¾ Расмий тилде: У-е “ Местный кенеш Оргочор ”;
¾ Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Ѳгүз району, Оргочор айылы, Токтогул кѳчѳсү №8.
3. Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
4. Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Оргочор, Светлая Поляна айыл аймагынын айылдык кеңештеринин өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
5. “Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы Э.Тариеловага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Тѳрага А.Тыныбеков