Редакцияот 24.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №2-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 16- апрели   № 07                                                                   

 

Оргочор айыл аймагынын чек арасын бекитүү

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районунун_айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Оргочор  айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап  айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

 

1.    Оргочор айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы 1994-жылкы бекитилген карта менен жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.    Оргочор жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага                                                                                              А.Тыныбеков