Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 13 – сентябры №119

 “Кара-Токой” гимназия-мектеби  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 27-августундагы  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын “Баткен районунун аймагындагы мектеп-гимназиялар жөнүндө” 2024-жылдын 11-сентябрындагы №84 токтомун аткаруу максатында Суу-Башы  айылдык кеңеши  токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 27-августундагы  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому аткарууга алынсын.

        2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жөнүндө типтүү жобого ылайык иш алып барылсын.

3. Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Кара-Токой” гимназия-мектеби кайра “Кара-Токой” жатак - мектебиболуп түзүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен социалдык маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Бөрүев