Редакцияот 20.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакыруунун 18-(кезексиз) сессиясы

 

2022-жылдын 20-октябры № 24

 

Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө

 

Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы төмөндөгүгө ылайык ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу:

·       Берене 11111100 – салык агенти менен төлөнгөн киреше салыгы - +1800,0 миң сом;

·       Берене 11121100 – чакан ишканалар менен төлөнгөн бирдиктүү салык - +500,0 миң сом;

·       Берене 11122300 – патенттин негизинднги салык - +400,0 миң сом;

·       Берене 11122200 – ыктыярдуу патент салыгы - -28,5 миң сом;

·       Берене 11321 – Жер салыгы – 1379,5 миң сом.

Жогоруда айтылгандарга ылайык, Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1292,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:

·       Маданият бөлүмүнө

Имараттар жана курулуштар – 3111 беренесине – 1292,0 миң сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

  

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов