Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 456

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык мүлк салыгын кабыл алуу жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагынын денгээлинде Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө ” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кеңештерге жүктөлгөндүктөн, 2024-жылга мүлк салыгын кабыл алып берүү зарылдыгы боюнча Терек-Сай айыл аймагынын салык кызматкери Ө.Качикеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын денгээлинде Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө ” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2024-жылга мүлк салыгы кабыл алынсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын салык кызматкери Ө.Качикеевге жүктөлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.