Редакцияот 07.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 7-августу № 33/2

 

“Кулунду айыл аймагынан жерлерди  ажыратып берүү жөнүндө”

 

         Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз                  33-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,                       №33/1-протоколунун чечиминин  2-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылынын борборундагы Парктын четиндеги айыл өкмөттүн эсебиндеги 0,02 га жерине айыл өкмөт тарабынан жеңил типтеги курулуш куруп, ижарага берилсин. 
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин  Жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А.Досов