ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 457
Терек-Сай айыл аймагындагы жер салыгынын базалык ставкасын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын боюнча Терек-Сай айыл аймагынын салык кызматкери Ө.Качикеевдин жер салыгынын базалык ставкасын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Чаткал районунун алыскы, тоолуу, жашоо шарты оор, барууга кыйын алыскы аймактардын катарына киргендиктен, жер кыртышынын түшүмдүүлүгү начар экендигин эске алуу менен айыл чарбасы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын. .
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин өнөр жай, жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш,муниципалдык менчик, жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |