ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 459
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Ынтымак, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүндөгү таза суу чыккан скважиналарды коргондоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Ынтымак, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүндөгү тургундарга атайын таза суу үчүн чыгарылган 5 (беш) скважиналарды коргондоо зарылдыгы жөнүндөгү Ак-Терек айылынын айыл башчысы С.Усубалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Ынтымак, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүндөгү таза суу чыккан скважиналарды коргондоо үчүн 110 160 ( бир жүз он миң бир жүз алтымыш ) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |