Редакцияот 07.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 7-августундагы № 33/4

  “Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен

акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин депутаты, Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Кошмуратовдун баяндамасын угуп,  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз                              33-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,                   №33/1-протоколунун чечиминин 4,5,6,7,8,9-пунктунун негизинде 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сапар чыгымдарына статья 2211-250000 (эки жүз элүү миң) сом  кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Өнүктүрүү фондуна кирген асфальттарды эгер өнүктүрүү фондунан берилбей калса, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кулунду айылынын А. Набиев көчөсү жана Ак-Арык айылынын Келечек көчөсү асфальттоого берилсин.
  3. Раззаков айылынын асфальт төшөлгөн Г. Бөрүкулов,  Г. Кудайкулов жана Кулунду айылынын Кыргызыстан 60-жылдыккөчөлөрүнө орнотулган  суу түтүкчөлөрүн бекитүү үчүн 40 (кырк) камаз грунт алуу максатында жергиликтүү бюджеттин 1-раздел статья-2221-80000 (сексен миң) сом кошумча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин. 
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болгон 8 даана Туу сатып алуу үчүн- статья 2222-450000 (төрт жүз элүү миң ) сом кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен каралсын. 
  5. Кулунду айыл аймагынын айылдарынын айыл башчыларына жана бухгалтердик бөлүмүнүн киреше жана жайыт төлөмдөрү боюнча адистерине жумушту мобилдүү жана эффективдүү аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен 8 (сегиз) даана күйүүчү май менен жүрүүчү скутер (мототранспорт) сатып алып берүү үчүн 570000 (беш жүз жетимиш) сом каражаты ажыратылып берилсин.
  6. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

А.А.Досов