ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 461
А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине жаны мебелдерди алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу С. Койчуманкулованын окуу бөлүмүнүн башчысынын кабинетиндеги мебелдердин эскирип кеткендигине байланыштуу жаңы мебель алып берүү зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги окуу бөлүмүнүн башчысынын кабинетиндеги мебелдердин эскирип кеткендигине байланыштуу жаңы мебель алып берүү үчүн 116 000 ( бир жүз он алты миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |