Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 466

Терек-Сай аймактык ооруканасына жайкы тамак бышыруучу бөлмө, көмүр сактоочу жай куруу жана кышка карата көмүр алып берүү жөнүндө

Терек-Сай аймактык ооруканасынын башчысы Р.Ташбаеванын жайкы тамак бышыруучу бөлмө, көмүр сактоочу жай жана кышка карата көмүр алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1. Терек-Сай аймактык ооруканасына жайкы тамак бышыруучу бөлмө, көмүр сактоочу жай куруу үчүн 337 390 ( үч жүз отуз жети миң үч жүз токсон ) сом жана 30 тонна көмүр алып берүүгө керектүү акча каражаттары Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.