ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 469
Терек-Сай айыл аймагына караштуу турмуш шарты оор жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын тургундары: Шерваниева Людмиланын ден соолугуна байланыштуу, Ормотоева Мансуранын көзүн операция жасатууга, Асанова Гулжандын кызы Асанова Мээримайды дарылатуу үчүн, ДЖаркулова Максаттын ден соолугуна байланыштуу, пенсионер, ДМЧ Малайбеков Умарбектин дарылануу үчүн;; Ак-Терек айылынын тургундары: Раев Алмазбек уулу Абдурасулов Азиреттин бөйрөгүн дарылатуу үчүн, пенсионер Умаралиева Умсунхондун дарылануу үчүн, А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин соцпедагогу Б. Токтобаеванын мектептин окуучусу Анарбеков Ариеттин ден соолугуна байланыштуу дарылануу алууга; Болуш айылынын тургуну, пенсионер Калмаматова Сардардын дарылануу үчүн; Кызыл-Токой айылынын тургундары: Ибрагимова Нургулдун көзүн дарылатууга, Эшиева Ферузанын кызы Норбутаева Диянаны кезектеги дарылануусу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жазышкан кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылынын тургундары: Шерваниева Людмиланын ден соолугуна байланыштуу 10 000 ( он миң) сом, Ормотоева Мансуранын көзүн операция жасатууга 10 000 (он миң) сом, Асанова Гулжандын кызы Асанова Мээримайды дарылатуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, ДЖаркулова Максаттын ден соолугуна байланыштуу 40 000 (кырк) миң) сом, пенсионер, ДМЧ Малайбеков Умарбектин дарылануусу үчүн 10 000 ( он миң) сом; Ак-Терек айылынын тургундары: Раев Алмазбек уулу Абдурасулов Азиреттин бөйрөгүн дарылатуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом, пенсионер Умаралиева Умсунхондун дарылануусу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин соцпедагогу Б. Токтобаеванын мектептин окуучусу Анарбеков Ариеттин ден соолугуна байланыштуу дарылануу алууга 50 000 (элүү миң) сом; Болуш айылынын тургуну, пенсионер Калмаматова Сардардын дарылануусу үчүн 10 000 (он миң) сом; Кызыл-Токой айылынын тургундары: Ибрагимова Нургулдун көзүн дарылатууга 10 000 (он миң) сом, Эшиева Ферузанын кызы Норбутаева Диянанын кезектеги дарылануусу үчүн 10 000 (он миң) сом, жалпы 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаттары Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |