ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 470
Терек-Сай айыл аймагында өткөрүлө турган кол күрөш боюнча мелдешти өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында областтык деңгээлде 2024-жылдын февраль айында өткөрүлүүчү кол күрөш боюнча мелдешти уюштуруу зарылчылыгы жөнүндөгү Терек-Сай айылынын тургуну Жаркулов Чолпонбайдын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында областтык деңгээлде 2024-жылдын февраль айында өткөрүлүүчү кол күрөш боюнча мелдешти уюштуруу үчүн 100 000 ( жүз миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |