Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 28-июну № 31/2

 

“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө”

 

 

            Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,  Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 2-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кулунду айыл аймагына Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан мал союлуучу жай курууга 2000,0 чарчы метр жерин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер,     агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.А.Досов