КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын
2023-жылдын 27-ноябры № 70
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылдык маданият үйүнүн долбоорго катышуусу боюнча макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Т. Курбанбековдун кайрылуусу боюнча берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өнүктүрүү фондуна долбоор жазууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду жазып тапшыруу жагы Көк-Арт айылдык маданият үйүн жетекчиси Т. Курбанбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |