Редакцияот 30.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы

 

2022-жылдын 30-ноябры № 29

 

Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана Комсомол-2 айылынын Проектируемая-13«а» жашоочусу – Г.У. Акматованын арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Комсомол-2 айылынын Проектируемая-13«в» дарегинде жайгашкан жалпы аянты 755,0 кв.м жер тилкесинин максаттуу багытын «СМО»-дон (социалдык-маданий объектилер) «Жеке турак жай куруу»-га өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов