Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын

2023-жылдын 27-ноябры № 69

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Үч-Малай айылындагы № 53 Ш. Кенжекулов атындагы мектебинин долбоорго катышуусу боюнча макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Үч - Малай айылындагы № 53 Ш. Кенжекулов атындагы мектебинин жетекчиси Э. Жээнбекованын кайрылуусу боюнча берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Үч - Малай айылындагы № 53 Ш. Кенжекулов атындагы мектебиндеги, билим берүүдө компътердин жоктугуна байланыштуу муктаждыкты жоюу үчүн өнүктүрүү фондко долбоор жазууга уруксат берилсин.

2. Долбоорду жазып тапшыруу жагы Үч - Малай айылындагы № 53 Ш. Кенжекулов атындагы мектебинин жетекчиси Э. Жээнбековага милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.