Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын

2023-жылдын 27-ноябры № 68

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы 11,0 га менчик айдоо жердин багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык жана жер ээси Ч.Исмаиловдун кайрылуусунун негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл аймагынын Мазар-Булак айылындагы жеке менчикте турган № 286-контурдагы 11,0 га жер тилкеси Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.