Редакцияот 25.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы V кезектеги сессиясы

                                                                                                      

 

2024-жылдын 25-июну №36        

 

Тоң районунун  Ак-Терек айыл аймагынын   2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жѳнүндѳ

 

Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 VII чакырылышындагы V кезектеги сессиясы  токтом кылат:

1. Ак-Терек айыл аймагынын  2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын алымча, кошумча менен  1- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы   Ж.Ж. Зарнаевге  милдеттендирилсин.

3. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева