Редакцияот 30.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы

 

2022-жылдын 30-ноябры № 31

 

Фрунзе айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актысын күчүн жоготуу деп табуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы Ш.Ш.Исмаиловдун №320 (Комсомол-Бишкек) маршруту боюнча жол кире акысын кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Фрунзе айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы №16 токтомунун, тактап айтканда, Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейинки №320 маршрутунун бир жүргүнчүнүн жол кире акысы -27сом деп бекиткен тиркемесинин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

2. Ушул токтомдун 1 пунктуна ылайык Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейинки №320 маршрутунун бир жүргүнчүнүн жол кире акысы төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:

·         Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейин – 25 сом;

·         Окуучулар үчүн (айыл ичинде) – 5 сом.

3. Киргизилген өзгөртүүлөр 2022-жылдын 20-декабрынан баштап күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов