Редакцияот 25.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №38                                                                             

 

Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана жер мунапысын жүргүзүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү” жобого ылайык Ак-Терек айыл аймагында курулган курулуштардын ээлеген жер аянттарын бекитүү жөнүндө Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү” жобого ылайык, Ак-Терек айыл аймагында курулуп калган курулуштардын жер аянттарын:

 

 1. Кара-Коо айылы- 0,15 га

 2. Кызыл-Туу айылы -0,15 га

 3. Бар-Булак айылы - 0,15 га

 4. Дѳӊ-Талаа айылы -0,15 га

 5. Комсомол айылы - 0,15 га

 6. Коӊур-Ѳлѳӊ айылы -0,15 га

 7. Тогуз-Булак айылы - 0,15 га

 8. Кѳл-Тѳр айылы - 0,15 га

 9. Ала-Баш айылы - 0,15 га га өлчөмдѳрүндө бекитилсин.

 

 2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы                               Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                   Б.Б. Барыктабасов