КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын
2023-жылдын 27-ноябры № 66
“Көк-Арт айыл аймагында Жалал-Абад областык маанидеги эл аралык аэропорт курууга тандалган жердин категориясын которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын мамлекеттик деңгээлде курула турган аэропортко ажыратылган жер тилкесинин категориясын которуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылындагы мамлекеттик менчикте турган № 114-контурдагы 8,76 га жер тилкеси эл аралык аэропортун куруу үчүн жер категорияларын Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Эл аралык аэропортун куруу үчүн ажыратылып берилген жерге керектүү иш кагаздарын даярдап, аткарып берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусуна милдеттендирилсин.
1. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| А. А. Энназаров |