Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын

2023-жылдын 16-октябры № 65

Жерге-Тал айылы «16» октябрь 2023-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгын аткаруу жана колдоо максатында Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгына макулдук берүү менен Көк-Арт, Курманбек жана Кара-Алма айыл өкмөтү бириктирилип, аталышы Көк-Арт айыл өкмөтү, борбору Жерге-Тал айылынын азыркы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имараты болуп калтырылсын.

2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.