Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы

 

 

2022-жылдын 14-декабры № 35

 

Атайын эсебиндеги киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө

 

Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүнүн атайын эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн планы төмөндөгүгө ылайык ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу:

·       Берене 1423 – акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер - +540,0 миң сом.

Жогоруда айтылгандарга ылайык, Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгү 540,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:

·       Бала-бакча бөлүгүнө

Берене 2218 Тамак-аш сатып алуу– 540,0 миң сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

  

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов