Редакцияот 25.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №42                                                                             

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө

__________________________________________________________________________

 

    Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №01-9/357 чыгыш санду сунушунун  негизинде Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын,Ак-Терек айыл аймагынын Четинди  айылынын  участкасынан №106, 107, 108, 109, 110, 111, 114, 145, 146,147 контурунда жайгашкан 35,0 га жер аянтыначарбалык курулмаларды орнотууга,жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                                  

1. Ак-Терек айыл аймагынын Четинди  айылынын  участкасынан №106, 107, 108, 109, 110, 111, 114, 145, 146,147 контурунда жайгашкан 35,0 га жер аянтын  “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы                               Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов