Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын

2023-жылдын 16-октябры № 65

Көк-Арт айыл өкмөтүнөн Айыл чарба департаментине өткөн МФнун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп, бюджет комитетинин отурумунун чечиминин негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнөн Айыл чарба департаментине өткөн жана эми өтүүчү МФнун жерлерине сугат жана суу барган шартуу сугат жерлерге контурлары №12, № 49, № 50, № 51, № 109, № 54, № 58-контурларга 10000сом өлчөмүндө ижара акысы, ал эми суу барбаган сугат жер менен кайраакы жерлерге контурлары № 17, № 133, № 27, № 76-контурларга 5000сом өлчөмүндө ижара акысы бекитилсин.

2. Ижара акысы боюнча сугат, шартуу сугат, кайраакы жерлердин контурларын тактоо боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана Көк-Арт айылдык кеңешинин айыл чарба комитетине милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.