Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын

2023-жылдын 16-октябры № 60

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгышаларына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини 4-пунктуна ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жана пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айылдык кеңешинин 7-февраль 2023-жылдагы IХ-сессиясынын 7-токтомунун 1-тиркемесинде бекитилген ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен 750,0 миң сом, Маданият бөлүмүнүн 3111 беренесинен 77,8 миң сом Орто мектеп бөлүмүнүн 2218 беренесинен 22,2 миң сом , жалпы 850,0 миң сом кыскартылсын.

2. Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн;

-Бала-Бакча 70911 бөлүмүнүн 2218-беренесине балдар бакчасына тамак аш алууга 163,4 миң сом

-Бала-Бакча 70911бөлүмүнүн 3112-беренесине балдар бакчасына видио байкоо орнотууга 38,0 миң сом, крават алууга 90,0 миң сом

- Орто мектеп 70921 бөлүмүнүн 2222-беренесине мектептерге хос товар алуу үчүн 72,6 миң сом

- Орто мектеп 70921 бөлүмүнүн 3111-беренесине төрөгелдиев мектебине жылытуу мечин алууга 134,0 миң сом

- Орто мектеп 70921-бөлүмүнүн 3112-беренесине мектептерге видио байкоо орнотууга 72,0 миң сом, жылытуу мечтерине матор алууга 100,0 миң сом, класстарга парта отургуч алууга 150,0 миң сом, проектор алууга 30,0 миң сом, жалпы 850,0 миң сом толукталсын.

3. Көк-Арт айыл кеңешинин 7-февраль 2023-жылдагы IХ-сессиясынын 7-токтомунун 1-тиркемесинде бекитилген ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине орукана курууга бөлүнгөн 240,0 миң сом, акча каражатынын багытын өзгөртүү менен айылдарга электр мамытчаларын алууга жумшалсын;

4. 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.

5. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Жумуковко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.