КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын
2023-жылдын 16-октябры № 59
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгышаларына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини 4-пунктуна ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жана пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 9-ай ичинде пландан ашыкча түшкөн 11111100-киреше салыгынан 1000,0 мин сомго акча каражаты 2023-жылга бекитилген план көбөйтүлсүн.
2. Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн;
- Айыл кеңеш 70111-бөлүмүнүн 2211-беренесине төрөганын Бишкек шаарына иш сапарына баруу үчүн 16,6 миң сом
- Аппарат 70111-бөлүмүнүн 2211-беренесине кызматкерлердин сапардык чыгымы үчүн 27,9 миң сом;
- Аппарат 70111-бөлүмүнүн 2214-беренесине өкмөт башчынын кызматтык унаасына бензин алуу үчүн 7,0 миң сом;
- Аппарат 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесине жаңы мектеп курууга проект жасатуу үчүн 400,0 миң сом;
- Аппарат 70111-бөлүмүнүн 2621-беренесине мүчөлүк акы төлөө үчүн 42,0 миң сом;
- Аппарат 70111-бөлүмүнүн 3112-беренесине видио көзөмөл орнотууга 44,0 миң сом;
- ЖКХ-70629-бөлүмүнүн 2214-беренесине айыл өкмөттүн техникаларына сольярка алууга 8,0 миң сом;
- ЖКХ-бөлүмүнүн 2221-беренесине Үч-Малай айылынын көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн 272,5 миң сом;
- ЖКХ-бөлүмүнүн 3112-беренесине Батыров ооруканасына крават 100,0 миң сом, Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолуна видио көзөмөл орнотууга 60,0 миң сом
- Бала-Бакча 70911 бөлүмүнүн 3111-беренесине балдар бакчасына жылытуу мечин алууга 22,0 миң сом жалпы 1000,0 миң сом толукталсын.
3. 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Жумуковко жүктөлсүн.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |