Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын

2023-жылдын 16-октябры № 58

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт гимназиясынын эски жатаканасын сатуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын 19.08.2005-жылдагы № 184, 14.02.2008-жылдагы № 12, 29.12.2008-жылдагы № 279, 15.06.2009-жылдагы № 182, 21.12.2011-жылдагы № 243, 15.11.2013-жылдагы № 201, 22.06.2016-жылдагы № 84, 06.03.2020-жылдагы № 24, 25.07.2023-жылдагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, 3-главанын 10,12-статьясы, 5-главанын 19-статьясынын негизинде Көк-Арт гимназиясынын эски жатаканасын тикелей сатуу жөнүндө Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп, жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт гимназиясынын эски жатаканасын тикелей сатууга уруксат берилсин.

2. Сатуу жөнүндө атайын комиссия түзүлсүн жана Көк-Арт айылдык кеңешинин тийиштүү комитеттери кошулсун.

3. Иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. М. Жумуковго милдеттендирилсин.

4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.