КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын
2023-жылдын 16-октябры № 65
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 164-контурунда жайгашкан 0,15 га жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 164-контурунда жайгашкан Айтбаев Айдаралиге таандык 0,15га жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп, жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 164-контурунда жайгашкан Айтбаев Айдаралиге таандык 0,15га жер аянты муниципиалдык менчикке алынсын.
2. Иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. М. Жумуковго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |