Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-октябры № 4

Кичи-Бүргөндү, Бүргөндү жана Кыпчак-Талаа айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө

Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматова, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXII – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылуулары эске алынсын.

 

2. Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамга 3 000 (үч миң) сом, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын 3 000 (үч миң) сом , Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кулунбек кызы Алмагүлгө 3 000 (үч миң) сом, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Жакып кызы Венерага 5 000 (беш миң) сом жалпысынан 14 000 (он төрт миң) сом акча каражаттары жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

 

3. Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.К.Кубатбеков